Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-февралы №110
“Айыл чарба эмес багытындагы жана калкконуш жерлерин пайдалануу үчүн, ошондой эле Беловодск а. жана Кош-Дб а. боюнча 2010-жылга короо-жай участкаларынын жерлери үчүн чөлкөмдүк коэффицентин бекитүү жөнүндө”
17.10.2008-ж. КР жаңы салык кодексин кабыл алууга ылайык, К-3 чөлкөмдүк коэффициенти калконуштар үчүн экономика-мерчемдик зонасынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу бир жылда бирден көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө жергиликтүү кеңештер менен белгиленет, Беловодск айыл өкмөтүнүн кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл чарба эмес багытындагы жана калкконуш жерлерин пайдалануу үчүн Беловодск а. боюнча – 1.2, Кош-Дөбө а. – 1.0 К-3 чөлкөмдүк коэффициенти бекитилсин.
2. Короо-жай жана багбанчылык-огород участкаларынын жерлери үчүн Беловодск а. боюнча – 1.0, Кош-Дөбө а. – 1.0 К-3 чөлкөмдүк коэффиценти бекитилсин.
3 Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О. Чекирбаевге жана КЭБ башчысынын орун басары К.А. Айдралиевага жүктөлсүн.
Беловодск айыл кеңешинин төрайымы: |
О.Третьякова |