БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 7-февралы №76
«Беловодск айыл аймагында «Абаттоо эрежелерин» бекитүү жөнүндө»
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Беловодск а. жана Кош-Дөбө а. аймагында санитардык тазалоо жана абаттоо боюнча иштерди натыйжалуу уюштуруу максатында, «Абаттоо эрежелерин» бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Беловодск айыл округунун кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл округунун аймагында «Абаттоо эрежелерин» бекитилсин. («Абаттоо эрежелери» тиркелет)
2. «Беловодск айылынын абаттоо стратегиясы» эске алынсын.
3. Беловодск айыл өкмөтүнүн башкы адиси юрист О.В.Сметанко жогору айтылган «Абаттоо эрежелерин» КР Юстиция Министирлигинин Чүй облустук башкармалыгында каттоосун жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Беловодск айыл округунун кеңешинин төрагасы: |
Чекирбаев О. |