Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 7-февралы №80
«Беловодск айыл өкмөтүнун аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактардан, мекемелерден КТТ (таштандыларды) иштетүү жана чыгаруу үчүн бааларды бекитүү жөнүндө»
«Таза айыл» МИ мүдүрүнүн 2014-жылга КТТ (таштандыларды) иштетүү жана чыгаруу үчүн жана ичүүгө жарактуу сууга бааларды бекитүү жөнүндө катын угуп жана талкуулап, Беловодск айыл өкмөтүнүн абаттоо стратегиясына жана «Абаттоо эрежелери» Жобосуна жана депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, Беловодск айыл округунун кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл аймагында жашаган абоненттерден КТТ (таштандыларды) иштетүү жана чыгаруу үчүн бир айга прейскурант баасы бекитилсин:
- көп квартиралуу үйлөрдөн- 30/ отуз/ сом бир жашоочу үчүн;
- юридикалык жактан- калькуляцияга ылайык;
- жеке (өзүмдүк) үйлөрдөн- 50/ элүү/ сом бир үй үчүн.
2. Беловодск айыл кеңешинин 2011-жылдын 20-январдагы №159 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Беловодск айылында (Уражайный көч.сууалгычы) бир айга ичүүгө жарактуу суу берүү үчүн бир керектөөчүгө- 50/элүү/ сом абоненттик баасы бекитилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Беловодск айыл округунун кеңешинин төрагасы: |
Чекирбаев О. |