Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 9–июну № 19/62
Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2013–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл–Кыя шаарынын мэри А. Халмурзаевдин отчету тууралуу
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:
Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн анализи көрсөткөндөй 2013–жылдын 12 ай ичинде шаардагы бардык өнөр–жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьектилери социалдык инфраструктураны өнүктүруү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ иштер аткарылды.
2013–жылы өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 3 млрд 383 миң сомду түзүп, өсүү көлөмү 140,4 % ды түздү.
Салыктар
Факт турундо 326,6 млн.сом жыйналды ,2012–жылы 201,8 млн.сом жыйналган, өсүү ыргагы 161,8% ды түздү.
Жергиликтүү бюджетке 113,1 миң.сом план көрсөтүлгөн болсо, 116,2 млн. сом жыйналып, өсүү ыргагы 102,7 % ды түздү.
Орто айлык акы шаар боюнча 9918 сомду түзүп, 2012–жылга салыштырмалуу 113,2 % га көп.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнүн 6)–пунктуна жана 44–беренесинин 1–бөлүгүнүн 8)–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2013–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жыл ичинде мекеме–ишканалар, уюмдар, комитеттер, башкармалыктар жана башка чарбалык субьектилер тарабынан социалдык–экономикалык жана маданий көрсөткүчтөрү боюнча жакшы жетишкендиктерди камсыз кылгандыгы белгиленсин.
3. Менчигинин түрүнө карабастан акционердик коомдордун жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине экономикалык өсүп өнүгүүгө жетишүү үчүн конкреттүү чараларды көрүү жагы сунуш кылынсын.
4. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке:
- Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2016–жылдардагы социалдык–экономикалык өнүгүү Программасын аткарылышын контролго алуу;
- Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлер үчүн керектүү чараларды колдонуу;
- Шаардын социалдык инфраструктурасынын өсүп-өнүгүүсү үчүн чарбалык субьектилеринин каражаттарын активдүү тартууга чара колдонуу;
- Шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
5. Кызыл–Кыя шаардык финансы бөлүмүнө (И.Жолдошов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгына (А.Эргешов) божомол аналитикалык эсептөөлөр боюнча салыктардын бюджетке өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу милдеттендирилсин. Аларды өз убагында мобилизациялоого терс таасирин тийгизген себептерди дайыма изилдесин.
6. Шаардык социалдык фонд башкармалыгынын жетекчилигине (Р.Мурзаев) камсыздандыруу төлөмдөргө болгон карыздарды кыскартуу үчүн конкреттүү чаралар көрүлсүн, потенциалдуу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн персоналдык тизмеси менен иштөөнү күчөтсүн.
7. Шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнө (А.Арчабаев) калктын ички миграциясын көзөмөлдөө күчөтүлсүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ШИИБ менен шаарга келген мигранттарды аныктоо, аларды каттоо жана тактоо, жүргүзгөн иш аракеттерин аныктоо, шаарда жашагандыгын тактоо боюнча иш чараларды жүргүзсүн.
8. Шаардык билим берүү бөлүмүнө (К.Каримова) КР мамлекеттик «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамын, мамлекеттик программаларын ишке ашыруунун негизинде окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.
9. Шаардагы Үй–бүлөлүк Дарыгерлер Борборуна (А. Турдубекова) шаардын тургундарына алгачкы медициналык–санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, шаардагы жалпы жана балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн азайтуу боюнча чаралар көрүлсүн.
10. Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчилигине (А.Таштемиров) шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлсүн.
11. Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө (Т. Мамытов) укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтсүн жана шаардагы коомдук тартипти сактоону камсыздасын.
12. Ушул токтом шаардык “Мезгил жарчысы”, “Белес” жана “Содружество” газеталары аркылуу чагылдырылсын.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссиясияларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыковго |