Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 9–июну №19/63
Баткен областынын Кызыл –Кыя шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрүнөн резервке көрсөтүлгөн талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 30–июнундагы №62 Мыйзамынын 19–беренесинин 1–бөлүгүнө, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21–1–беренесинин 1–бөлүгүнүн 4)–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына резервке талапкерлерди көрсөтүү боюнча материалдар менен таанышып, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл–Кыя аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрүнөн резервке көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын (Көрсөтүлгөн талапкелердин сапаттык курамы жөнүндө маалымат тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А. Маткалыковго тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |