КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 16–майы №18/59
Исхак Раззаков атындагы Кызыл–Кыя лицейинин 2014–жылдын 8–апрелиндеги №19 кайрылуу каты жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, жаш муундарга сапаттуу билим берүүгө шарт түзүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исхак Раззаков атындагы Кызыл–Кыя лицейине башталгыч класстарды ачууга, 2014–жылдын 1–сентябрынан баштап башталгыч класстардын окуучуларын окууга жана мугалимдерди жумушка кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Милдеттендирилсин Исхак Раззаков атындагы Кызыл–Кыя лицейинин администрациясына келечек ээлери болгон жаш муундарга билим алууга зарыл болгон тийиштүү шарттарды түзүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |