Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 16–майы №18/60
Кызыл–Кыя шаарынын Үй–Бүлөлүк Медицина Борборунун эмгек жамаатынын 2014–жылдын 19–апрелиндеги №89 кайрылуу каты жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен маселе шаардык кеңештин сессиясына сунушталгандыгын жана маселени карап талкуулоодо шаардык кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын Үй–Бүлөлүк Медицина Борборунун эмгек жамаатынын 126 кызматкери кол коюп жазган 2014–жылдын 19–апрелиндеги №89 кайрылуу каты эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрине жөнөтүлгөн Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынынн 2014–жылдын 28–мартындагы чыгуу №01–8/279 сандуу каты Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаев тарабынан кол коюлган эместиги жана анда жазылган ҮМБга жергиликтүү бюджетинен берилди деген 300(үч жүз) миң акча каражаты берилбегендиги аныкталгандыгы белгиленсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын Үй–Бүлөлүк Медицина Борборунун 2014–жылдын 19–апрелиндеги №89 кайрылуу катына негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясынын атынан Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрине бул маселени териштирип жана акыйкат чечимди чыгаруу боюнча кайрылуу жөнөтүлсүн. (Кайрылуу тиркелет).
4. Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык маселелерди чечүүдө баш аламандыкка жол берилгендиги үчүн, Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын социалдык маселелерди тейлеген вице–мэри Ж. Рахматулаевдин кызмат орду боюнча тийиштүү чара колдонуусун чечүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэри А. Халмурзаевке милдеттендирилсин жана Ж. Рахматулаевдин аткарган иштери боюнча отчету шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна алып чыгылсын.
5. Муниципалдык кызматкерлер мэриянын жетектөөчү адиси Ф.Цой, мэриянын башкы адиси М. Буванова жана мамлекеттик кызматкер шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы К. Кулматованын мыйзамсыз аракеттери шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна берилсин.
6. Кызыл–Кыя шаарынын тургуну Ж.Эргешовага шаардын Үй–Бүлөлүк Медицина Борборунун директору кызматын конкурстук негизде ээлөөдө жарандык укугунун бузулушу жана Үй–Бүлөлүк Медицина Борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп турган мезгилинде анын жумушчу кабинетине барышкан муниципалдык кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери боюнча укук коргоо органдарына кайрылууга укугу бар экендиги белгиленсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А. Маткалыковго жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |