Редакцияот 12.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын  Т.Кулатов айылдык Кенешинин  5 чакырылышынын

кезектеги 13  сессиясы

2014- жылдын 12-апрели №13-6

Баглан орто мектебинин филиалынын, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин көмөкчү чарбасындагы жана Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн алдындагы каарып, кургап калган бак-дарактарды кыюу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан орто мектебинин директору С.Жолдошованын жана Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору М.Шамшиеванын, Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн директору С.Макышованын билдирүүлөрү айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде  Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Баглан орто мектебинин филиалындагы жана Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин көмөкчү чарбасындагы, Ж.Амираев атындагы маданият үйүнүн алдындагы каарып, кургап калган бак-дарактар алынып, ордуна жаёыларын отургузууга уруксат берилсин.

2. Кургап калган бак-дарактарды кыйдырып, ордуна жанысын олтургузуу мектептин директорлору С.Жолдошовага, М.Шамшиевага жана С.Макышовага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба , суу , жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кенешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев