Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №11-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин Европа Бирлиги (ЕС) менен Бириккен Уюмдар Уюумунун (БУУ) «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууна илгерилетүү» биргелешкен уюмуна жазган долбоорлоруна кепилдик берүү жөнүндө
Айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы Т.Бекиев атындагы орто жана мектебинин директору С.Каратаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнөкараштуу мектептердин Европа Бирлиги (ЕС) менен Бириккен Уюмдар Уюумунун (БУУ) «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууна илгерилетүү» биргелешкен уюмуна жазылган долбоорлору канааттандырылсын.
2. Жазылган долбоордо көрсөтүлгөн сметанын 80 пайызын жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшылырсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |