Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №11-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү калктын суроо-талаптарын аткаруу максатында Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин «экономика, финансы, соода, ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т .Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн2014-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен айыл өкмөтүнө1 (бир) даана «Нива-эффект» маркасындагы комбайн сатып алынсын.
2. Сатылып алынган «Нива-эффект» комбаны айыл өкмөтүнүнбалансасына коюлсун.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүнКөк-Жар-Кызыл-Кыя 13,5-21 км. борбордук жолдоруна асфальт төшөөүчүн 16 528 900 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнөкараштуу айылдарга 7 даана трансформаторду алып, орнотуу жана Ак-Чал, Кызыл-Булак, Ак-Терек балдар бакчасын куруп берүүүчүн 10 022 100 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып, аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине, айылдык Кеңештин «экономика, финансы, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |