Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-декабры №10-2
Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги М.С.Бороновдун 2013-жылдын 15-ноябрындагы №1.3050 сандуу катында РИИБнун административдик имаратынын жылытуучу мешканасына (котельный) капиталдык ремонт жүргүзүү үчүн материалдык жактан жардам сурагандыгы жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 1.3050 сандуу катында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн административдик имаратынын жылытуучу мешканасына (котельный) капиталдык ремонтуна сураган акча каражатын айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нооокат райондук ички иштер бөлүмүнүн административдик имаратынын жылытуучу мешканасына (котельный) капиталдык ремонтуна жергиликтүү бюджеттин кошумча түшкөн каражаттарынан 100 000 ( бир жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Каримовко милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |