Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-декабры №10-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы дүкөндөрдө мыйзамсыз сатылып жаткан жасалма спорттик ичимдиктерине тыюуу салуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу аксакалдар сотунун төрагасы Бегали Исраиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы дүкөндөрдө лицензиясы болбосо спирттик ичимдиктер сатылбасын.
2. Айыл аймагында мыйзамсыз сатылып жаткан жасалма спирттик ичимдиктерге тыюу салынсын.
3. Спирттик ичимдиктер эрте менен саат 8.00 дөн кечки саат 17.00 чейин сатылсын. Эгерде ким тартипти бузса биринчисине 1000 (бир мин) сом, экинчисине 3000 (үч мин) сом ал эми үчүнчү жолу кармалса 5000 (беш мин) сом штраф төлөсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |