Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-октябры № 9-7
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын болжолдуу кошумча түшкөн киреше жана чыгаша акча каражаттарынан Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйунө жардам берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтунө 2013-жылдын 25-мартында Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан келген № 284 катында Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүнө жардам иретинде акча берүү жөнүндөгү катын угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2013-жылдын 25-мартында Кызыл-Кыя шаардык мериясынан келген № 284 катында Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүнө жардам иретинде акча берүү максатында айылдык аймактын жарандары Кызыл-Кыя шаарынын төрөт үйүнүн кызматынан пайдаланып келгендигин эске алуу менен 100 000 (жүз мин) сом акча каражаты болжолдуу кошумча түшкөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Ажыратылып бериле турган акча каражаттарын бөлүп берүү жагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |