Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-октябры № 9-1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамынын 52-беренесине негиз депутаттык мандаты кароо тууралуу
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясынын күн тартибиндеги “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамынын 52-беренесине негиз депутаттык мандаты кароо тууралуу” маселени карап жана талкуулап чыгып Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин депутаты Мадимаров Нуридин Султанович Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы болгондугуна байланыштуу жана айылдык кенештин депутаты Маткаримов Курсанали Маматалиевич айыл башчы болгондугуна байланыштуу алардын ордуна келүүчү депутаттарды аныктап берүүнү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына суроо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 530-Таш-Булак шайлоо округунан шайланган Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин депутаты Мадимаров Нуридин Султанович Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы болгондугуна байланыштуу депутаттык мандатын тапшырсын.
2. № 430-Баглан шайлоо округунан шайланган айылдык кенештин депутаты Маткаримов Курсанали Маматалиевич айыл башчы болгондугуна байланыштуу депутаттык мандатын тапшырсын.
3. Бул депутаттардын ордуна келүүчү кийинки депутаттарды аныктап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |