Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июлу №7-6
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун финансы экономика бөлүмүнү 2013-жылга карата ишкердүүлүгү Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «экономика, финансы, соода, ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамына негиз Т.Кулатов атындагы депутаттардын айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун айылдык Кенешинин 22-апрель 2013-жылдагы 6-4 сандуу айылдык округка 1 даана «Нива-эффект» комбайнын сатып алуу жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып, аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык округдун жетекчилигине, айылдык Кенештин «экономика, финансы, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |