Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июлу №7-5
Айылдык округдун инфраструктурасын өнүкттурүү, жергиликтүү калктын суроо-талаптарын аткаруу максатында, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «экономика, финансы, соода, ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнундөгү» мыйзамына негиз Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун айыл өкмөтүнүн карамагында «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасын уюштуруу боюнча маселе канааттандырылсын.
2. Уюштурулуп жаткан ишканага тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айылдык округдун жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып, аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык округдун жетекчилигине, айылдык Кенештин «экономика, финансы, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |