Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июлу №7-3
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун тургундарынын арызынын негизинде ички арыктарды тазалоо учүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Алайчев Мурзалинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун аймагындагы ички арыктарды тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Каримовко жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин бюджет,экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |