Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июлу №7-1
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 2013-жылга жергиликтүү бюджетинин 6 айлыгынын аткарылышын бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 6 айлыгынын аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 2013-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча аткарган иш аракеттери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
2. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 2013-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча аткарган иш аракеттери 2013-жылдын 9 айлыгы боюнча жыйынтыгы менен каралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин төрагасы: |
А.Ажибаев |