Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-апрели №6-4
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун элдеринин айылдык өкмөткө айыл чарба эгиндерин оруп жыйноо учурунда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы үчүн, комбайн сатып алуу үчүн суроо талаптары боюнча маселе каралып, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 15-июндагы № 78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнундөгү» мыйзамынын 1 беренесине ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «экономика , финансы, соода, ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынынын «Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгу», мыйзамына негиз Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутатарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун айыл өкмөтүнө айыл чарба техникасы комбайн сатып алуу жөнүндөгү маселе жактырылсын.
2. Айылдык округтун жергиликтүү бюджетинин 2013-жылда түшкөн акча каражатынын эсебинен жалпы баасы 4 704 480 (төрт миллион жети жүз төрт мин төрт жүз сексен мин) мин сом турган 1 (бир) даана «Нива-эффект» үлгүсүндөгү комбайнын сатып алууга ст. 31122220 (айыл чарба механизмдерин жана жабдууларын алуу) бөлүмүнөн акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Алынып келинген комбайынды айыл өкмөттүн балансына кабыл алып, эффективтүү жана сапатуу иштешин көзөмөлгө алуу жагы айыл округунун жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып, аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык округтун жетекчилигине, айылдык Кенештин «экономика, финансы, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |