Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-апрели №6-3
Т.Кулатов айылдык округуна 2013-жылда түшкөн кирешеден жол кайгуул кызматынын ага инспектору Абдуллаев Асанбай Гапаровичке акча каражаттарын ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык Кенешинин боюнча бюджет, экономика, финансы боюнча туруктуу комиссиясынын протокол чечимине ылайык 2013-жылга карата жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражаттардын резервдик фондунан түзүлгөн келишимге ылайык жол кайгуул кызматынын ага инспектору Абдуллаев Асанбай Гапаровичке 60000 (алтымыш мин) сом бөлүнүп берилсин.
2. Ажыратылып бериле турган акча каражаттарын бөлүп берүү жана сарамжалдуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык округтун жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык кенештин төрагасы: |
А.Ажибаев |