Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-апрели №6-2
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун социалдык экономикалык өнүгүү планын, финансы экономика бөлүмүнүн абалы, айылдык округтун аппаратындагы кадр маселелерин чечүү боюнча маселе каралып, такталгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынынын «Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү», мыйзамына негиз Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү планын аткарууда, финансы экономика бөлүмүнүн абалын жакшыртууда , айылдык округтун аппаратындагы жетишсиз кадр маселелерин чечүү боюнча маселени тез жоюп, кечиктирилгис иш чараларды көрүү боюнча айыл округунун башчысы А.Эргешовко эскертүү берилсин.
2. Жогоруда аталган иш чараларды аткарып, кемчилдиктерди жоюуу үчүн айыл округунун жетекчилигине 17 май 2013жылга чейин убакыт берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып, аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык округтун жетекчилигине, айылдык Кенештин 5 топтон турган туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин төрагасы: |
А.Ажибаев |