Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-апрели №6-1
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун финансы экономика бөлүмүнүн 2013-жылга карата ишмердүүлүгү Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «экономика, финансы, соода, ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынынын «Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү», мыйзамына негиз Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун айыл өкмөтүнүн 2013 жылга карата бюджеттин бекитилгендигине карабай, өз убагында райондук каржы бөлүмү менен эсептешүү жана башка финансалык отчеттук иш аракеттерди аткарууда, өз убагында каржылоодо кемчиликтерди кетирген үчүн айыл округунун ФЭБ башчысы А.Каримовко эскертүү берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып, аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык округтун жетекчилигине, айылдык Кенештин «экономика, финансы, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин төрагасы: |
А.Ажибаев |