Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели №5-7
Т.Кулатов айылдык округундагы К.Колдошов орто мектебине кошумча төрт каана кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы дем берүүчүүлүштүк гранттан акча алуу үчүн кепилдик берүү жөнүндө
К.Колдошов атындагы орто мектептин директорунун «К.Колдошов орто мектебине кошумча төрт каана кошуу үчүн айылдык округдун бюджетинин эсебинен өздүк салымды ажыратып берүү» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округуна караштуу К.Колдошов орто мектебине кошумча төрт каана кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы дем берүүчүүлүштүк гранттан акча алуу үчүн долбоору канааттандырылсын.
2. Долбоордо каралган 60 % элдик салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 1795471 (бир миллион жети жүз токсон беш мин төрт жүз жетимиш бир ) сом акча ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин торагасы: |
А.Ажибаев |