Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели №5-6
Т.Кулатов айылдык округундагы «Медигос» үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун № 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам автоунаасын алуу үчүн Европа Бирлиги (ЕС) менен Бириккен Уюмдар Уюумунун (БУУ) «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууна илгерилетүү» биргелешкен добоорна кепилдик берүү жөнүндө
Айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы жана «Медигос» үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун № 16үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун даарыгери Ф.Гайназарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округуна караштуу «Медигос» үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун № 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам автоунаасын алуу үчүн жазылган долбоору канааттандырылсын.
2. «Медигос» үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун № 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам автоунаасын алуу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн сметанын 20 пайызы 92 (токсон эки мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |