Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели №5-5
Т.Кулатов айылдык округундагы Кожо-Арык айылындагы эски мектептин имаратын бала бакча уюштуруу үчүн Европа Бирлиги (ЕС) менен Бириккен Уюмдар Уюумунун (БУУ) «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууна илгерилетүү» биргелешкен добоорна кепилдик берүү жөнүндө
Айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы жана «Максат» бала бакчасынын жетекчиси К.Бобулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округуна караштуу Бекиев атындагы эски мектептин имаратын балдар бакчасын уюштуруу үчүн жазылган долбоору канааттандырылсын.
2. Бекиев атындагы эски мектептин имаратын балдар бакчасын уюштуруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн сметанын 20 пайызы 42 (кырк эки мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |