Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели №5-4
Т.Кулатов атындагы айылдык округуна караштуу Т.Бекиев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы дем берүүчү, үлүштүк гранттан акча каражатын алуу үчүн кепилдик берүү жөүндө
Т.Бекиев атындагы орто мектебинин директору С.Каратаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округуна караштуу Т.Бекиев орто мектебине, жаныдан ашкана куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы дем берчүү, үлүштүк гранттан, акча каражатын алуу үчун долбоору канааттандырылсын.
2. Долбоордо каралган, элдик салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 742 533 сом (бир миллион жети жүз кырк эки мин беш жүз отуз үч) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенешинин бюджет, экономика , финансы жана транспорт , курулуш, өнөр-жай , кайра иштетүү, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |