Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели №5-3
Т.Кулатов айылдык округундагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин от жагуучу печкасын жанылоо учүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы дем берүүчү үлүштүк гранттан акча алуу үчүн кепилдик берүү жөнүндө
Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директорунун «Мектептин от жагуучу печкаларынын эскилиги жетип, иштебей калгандыгы, аны жанылоо үчүн айылдык округдун бюджетинин эсебинен өздүк салымды ажыратып берүү» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округуна караштуу Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин от жагуучу печкасын жанылоого Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы дем берүүчү үлүштүк гранттан акча алуу үчүн долбоору канааттандырылсын.
2. Долбоордо каралган элдик салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 130 000 (бир жүз отуз мин ) сом акча ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |