Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-марты №4-3
“Кызыл-Кыя-Көмүр” акционердик коомунун
Т.Кулатов айылдык округундагы
жер аяттары жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун аймагындагы Жинжиген-Абшыр жолу 12 метрди түзүп жалпы пайдаланууда турат. Ал эми “Кызыл-Кыя-Көмүр” акционердик коому жолдон тышкары 12 метрден жерди эч кандай айыл округунун токтому жок эле менчиктештирип алган. Ошол 12 метр жер аянтына жолдун четинде айыл округунун атуулдарынын жер участкалары, кайрак жана суулуу айдоолор жана жайыттар айыл округунун балансасында турат.Ошондуктан мыйзамсыз менчиктештирген жер аянттары мыйзамдуу айыл округунун балансасында тургандыгын эске алып, угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл- Кыя-Көмүр” акционердик коому жиберген катындагы 21га жер аянты Т.Кулатов айыл округунун балансасында тургандыгына байланыштуу бул маселе канааттандырылбасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана архитектура, курулуш, айыл-чарба, экология боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин торагасы: |
А.Ажибаев |