Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-марты №4-2
Кыргыз Республикасынын Транспорт, коммуникация министрлигинин эсебинде турган Т.Кулатов айылдык округунун борбордук жолдорун асфальттап
ондоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоого уруксат суроо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт, коммуникация министрлигинин эсебинде турган Т.Кулатов айыл округунун борбордук жолдорунун өтө начар абалга келгендигин жана жергиликтүү тургундардан түшкөн талаптарга негиз бул жолду ондоп, асфальтоо үчүн айылдык округтун бюджетинин эсебинен каржылоого, уруксат суроо жөнүндө маселе айылдык Кенештин сессиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт, коммуникация министрлигинин эсебинде турган Т.Кулатов атындагы айыл округунун борбордук жолдору өтө начар абалга келгендигин жана жергиликтүү тургундардан түшкөн талаптарга негиз бул жолду ондоп, асфальтоо үчүн айылдык округтун бюджетинин эсебинен сметага негиз каржылоого, уруксат берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл округунун борбордук жолдорду ондоо үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү аркылуу Транспорт , коммуникация министрлигинин балансында тургандыктан 26 (жыйырма алты) километрди асфальтоо үчүн уруксат иш кагаздарын суроо аталган министрликтен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештинин архитектура , курулуш, айыл-чарба, экология боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин торагасы: |
А.Ажибаев |