Загрузка документа…
КУМ-ДθБθ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-июлу № 6/1
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарындагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарынын негизинде 2013-жылга түзүлгөн бюджеттин долбоору (кирешелер жана чыгашалар) сметасы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси-жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды бюджетке түшүрүү жана чыгымдоо. (жыйналыштын токтомунун) негизинде иш алып баруу жайыл пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Исабековго жана эсепчиси Б.Саликеевге милдеттендирилсин.
3. 2013-жылга жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин долбоорун (сметасын киреше-чыгаша боюнча) түзүүдө жардам көрсөтүп берүү жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы ЖАтышовго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кум-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин торайымы: |
А.Тургуналиева |