Загрузка документа…
КУМ-ДθБθ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-октябры № 7/2
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин
штаттык санын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 5.08.2011-жылдагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү оз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 8.07.2013-жылдагы № 403 токтомун аткаруу максатында айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5.08.2011-жылдагы № 451 “ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 8.07.2013-жылдагы № 403 токтому айыл өкмөтүндө жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8.07.2013-жылдагы № 451 токтомунун тиркемесине ылайык, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык саны бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
3. Штат бирдиктерин райондук финансы бөлүмү менен макулдашып бекитүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин торайымы: |
А.Тургуналиева |