Загрузка документа…
КУМ-ДθБθ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-октябры № 7/4
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги 01.10.2013-жылга карата пландан тышкары түшкөн 312100 (үч жүз он эки миң бир жүз) сом каражатка кошумча план суроо жөнүндө.
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевдин Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги 01.10.2013-жылга карата пландан тышкары түшкөн 312100 (үч жүз он эки миң бир жүз) сом каражатка кошумча план суроо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. 01.10.2013-жылга карата атайын эсепке пландан тышкары түшкөн 312100 (үч жүз он эки миң бир жүз) сом төмөндөгүдөй бөлүнүштө бөлүнсүн.
12600 сом – жол ремонтуна.
20000 сом –Ормон Хандын 220 жылдыгына.
17000 сом - карылар күнүнө.
8000 сом -Баткен согушунун ветерандарына жардам катары.
63625 сом – Кум-Дөбө, Төрткүл айылына
63625 сом- Бугучу-Бирлик айылына.
63625 сом- Шамшы айылына.
63625 сом-Акжар айылдарынын социалдык маданий объектилеринин керектөөлөрүнө бөлүнсүн.
2. Жогорудагы 312100 ( үч жүз он эки мин бир жүз) сомду каржылап берүү жагы Кочкор райондук финансы жана Казына бөлүмдөрүнөн суралсын.
3. Жогорудагы каражатты чыгымдоону көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы: |
А.Тургуналиева |