Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № 6/1
Талаа-Булак айыл аймагында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруу менен Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргирзилсин.
– айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;
-- мүлк салыгынын 1,2,3,4 топтогу объектилерин;
-- Кз зоналык коэффициенти 1 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин
5. Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алууга Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага: | Н.Керимкулов |