Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-сентябры № 7/6
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин ченемдик укуктук актылырын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобонун негизинде айылдык Кенештин ченем укук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин жооптуу катчыларынын милдетин аткаруучу жетектөөчу адиси А.Эсенамановдун маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин ченем укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Бул токтом ченем укуктук актыларынын каттоосуна жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенешинин төрагасы Н.Керимкуловго тапшырылсын.
Төрага: | Н.Керимкулов |