Редакцияот 04.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин 

V чакырылышынын кезектеги X-сессиясы

2013-жылдын 4-октябры № 10/7

Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына

сунуш берүү жөнүндө

1974-жылы Семиз-Бел айылында туулган Семиз-Бел айылдык Кеңешинин эки жолку депутаты Карагозиев Жумабек Абдыбалиевичти учурда эл-журтка сөзү менен да, жүрүм-туруму менен да  үлгүлүү болуп, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоого күч аракетин аркалап келгендигин эске алып, Семиз-Бел айылынын элдик чогулушунун протоколун карап жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айылынын тургуну, айылдык Кеңештин эки жолку депутаты Карагозиев Жумабек Абдыбалиевич Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлсүн.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы райондук комиссиядан суралсын.

 

Кеңештин төрагасы:

М.Букамбаев