Редакцияот 06.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2013-жылдын 6-декабры № 11/7

Эмгектин ардагери Тукешова Калимандын

ысмын ыйгаруу  жөнүндө

Семиз-Бел айылдык советинде 1971-жылдан 1993-жылга чейин 22-жыл жооптуу катчылык кызматта иштеп, Кочкор райондук жана айылдык советтин бир нече жолку депутаты, эл агартуунун отличниги, Кыргыз ССР маданиятынын ардак громаталары менен сыйланган, Тукешова Калимандын ысымын Кара-Тоо айылдык китепканага ыйгаруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана жолдошу С.Мамыровдун арызын карап жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кара-Тоо айылындагы айылдык китепканага Тукешова Калимандын ысымы  ыйгарылсын

2. Кара-Тоо айылындагы китепкана «Тукешова Калиман» атындагы айылдык китепкана деп аталсын.

3. Китепкананын атын жаздыруу, катар номерин койдуруу жана китепкананын айлана тегерегин көрктөндүрүп, тазалык иштерин уюштуруу китепкана башчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы:

М.Букамбаев