Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июлу № 8/3
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу айылдын тургундарынын
жер участогуна кошумча жер берүү боюнча
суроо талабын канааттандыруу жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтунө караштуу айылдын тургундарынын суроо талабына ылайык жана кайрылуулардын негизинде өзүнө тиешелүү үйүнүн жана огородунун жанындагы айыл өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жеринен ашыкча жер участкасын берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адис С.Сыдыгалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундарынын суроо талабына ылайык жарандардын өзүнө тиешелүү турак жай жана огородунун орду айыл өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жер аянтынан тышкары ашыкча жайгашкан жерден, жердин шартына ылайык башкага берүүгө мүмкүн болбосо 0,01-0,10га жерге чейин жер участогу кошулуп жеке менчигине бекитилип берилсин.
2. Жарандардын өзүнө тиешелүү үйүнүн жаныдагы огородуна кошумча жерди аныктап, так бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адис С.Сыдыгалиевге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл чарбасы, жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Букамбаев |