Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-январы № 9/3
Шамшы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы
жалпы элдик жыйындын 13.01.2014-жылдагы № 1/7 токтомун,
14.01.2014-жылдагы Акжар айылынын № 1/5 токтомун бекитүү жөнүндө.
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Шамшы айылынын 13.01.2014-жылдагы жалпы элдик жыйындын № 1 протоколун жана № 1/7 токтомун, Акжар айылынын № 1/5 токтомундагы “Сакебай” участкасындагы 15(он беш) га жайыт жерин берүү жагын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Кум-Бел” участкасынан жан үй-бүлөлөргө там салуу үчүн 30 (отуз га жер жана Акжар айылынан “Сакебай” участкасынан 15(он беш) га жер бөлүнүп берилсин.
2. “Кум-Бел” участкасынан берилген 30(отуз) га жана Акжар айылынан “Сакебай” участкасынан берилген 15(он беш) га жер аянтына ген план түзүү жана райондук архитектура бөлүмү менен бирдикте жер бөлүп берүү жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
3. Жаңы үй-бүлөлөргө бериле турган жерге мыйзам чегинде арыз ээсинин документтерин тактап алуу жагы Шамшы айылынын айыл башчысы Э.Мааткалдымовго, Акжар айылынын айыл башчысы М.Дүйшеналиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук жер бөлүштүрүү боюнча туруктуу комиссиясынан суралсын.
Депутаттардын Кум-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
А.Тургуналиева |