Загрузка документа…
КУМ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-апрели № 12/8
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бугучу айылындагы Сезим-М
бала бакчасына кошумча имарат куруу үчүн
түрткү берүүчү грант менен 1128316 (бир миллион бир жүз
жыйырма сегиз миң үч жүз он алты) сомду сурап
кайрылуу жөнүндө.
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бугучу айылындагы “Сезим-М” бала бакчасына кошумча имарат куруу үчүн түрткү берүүчү грант менен 1128316 (бир миллион бир жүз жыйырма сегиз миң үч жүз он алты) сомду Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен сурап кайрылуусу жөнүндө Кум-Дөбө айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Бугучу айылындагы “Сезим-М” бала бакчасына кошумча имарат куруу учун өздүк салым катары 5(беш) пайызын 56416 (элүү алты миң төрт жүз он алты )сомду нак акчалай түрүндө Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнсүн. 5(беш) пайызынын 56416 (элүү алты миң төрт жүз он алты) сомдук жумушту, Бугучу айылынын тургундарынын жардамы менен ашар түрүндө Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиев уюштурсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кум-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кенешинин тѳрайымы: |
А.Тургуналиева |