Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы № 8/5
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
2013 жылдын бюджетин аткарууда 2014-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички
чыгымдарын жабуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын маалыматтын угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31- беренесине жана «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 49- беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талаа-Булак айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн 2013- жылдагы бюджетин аткарууда 2014- жылдын башында бош калган акча каражаттарды, төмөнкү статьяларга кошумча чыгымдоо жагы бекитилип берилсин.
Мамлекеттик кызматка.
1.22221100 Инвентарь алуу учун 100000,00
2.22154900 Ар кандай каражат учун 546577,12
3.22151200 Электроэнергия эсебине 40000,00
Баары ; 686577,12
2. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсепкорундагы бөлүнүп берилген бош калган акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Н.Керимкулов |