Редакцияот 12.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын  кезектеги  IХ-сессиясы

2014-жылдын 12-апрели № 9/6

Талаа-Булак  айыл аймагынын  айыл  өкмөтү боюнча  2014-жылга  тазалык   жыйындан   жеңилдиктерди  берүү  жөнүндө

Талаа-Булак  айыл  аймагынын  Дөң-Алыш,Комсомол айылдарында жашаган  социалдык   жактан   коргоого  муктаж ,оокаты  начар, багаар  көрөөрү  жок, жалгыз  бой,кары-картаң болгон  түтүн  ээлерин тазалык жыйындан  бошотуу жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  кирешелер   боюнча башкы  адиси А.Джумабаеванын сунушун угуп жана  талкуулап   Кыргыз Республикасынын  “Жергиликүү  өз  алдынча  башкаруу   жөнүндө”  Мыйзамынын 31-беренесинин  2-пунктунун 4-пункутчасынын  негизинде Талаа-Булак  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛЫТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагы  боюнча  социалдык жактан  коргоого  муктаж  оокаты  начар, багаар  көрөөрү  жок, жалгыз  бой,кары-картаң   аттуулдардын  тизмесине  ылайык  93  түтүнгө  2014-жылга  пландалып   жаткан  тазалык   жыйынынан  бошотулсун.

2. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айылдык  Кеңештин  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

Тѳрага:

Н.Керимкулов