Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-апрели № 9/9
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калкка кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери) жөнүндө.
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калкка кызмат көрсөтүүдө “Үй бүлөөлүк жана жашап тургандыгы тууралуу маалымат” жана “Каттоодогу малы жөнүндө справканын” бааларын (тарифтерин) бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Эсенамановдун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасына ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө акы алып калкка кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери)
1. Үй бүлөөлүк абалы жана жашап тургандыгы туралуу маалымат - 5 сом
2. Каттоодогу малы жөнүндө справка - 10 сом
3. Учотко туруу,чыгуу - 0 сом
өлчөмүндө бекитилсин.
2. 30-апрель 2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пособиялар жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына, Социалдык фондко жана айыл өкмөтүнө атайын билдирүү менен кайрылган укук коргоо органдарына,мекеме ишканаларга маалыматтар акысыз берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрөгасы Н.Керимкуловго тапшырылсын.
Тѳрага: | Н.Керимкулов |