Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-январы № 12/7
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн элге кызмат көрсөтүүдөгү бааларын
(тарифтерин) бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтү тарабынан элге кызмат көрсөтүүдө маалыматтардын бааларын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө акы алып кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери) төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- үй-бүлөө тууралуу маалымат -5 сом
- жашагандыгы тууралуу маалымат – 5сом
- менчик малын сатууга маалымат- 10 сом
-каттоого туруу, каттоодон чыгуу -5 сом
2. Айыл өкмөтү боюнча жеңилдик берүү максатында 30-апрель 2001-жыл КР Мамлекеттик пособиялар жөнүндө мыйзамынын 28-беренесине ылайык соц. жардам, соц фонд бөлүмүнө берилүүчү маалымат акысыз берилсин.
3. Айыл өкмөтүнө атайын билдирүу менен кайрылганда, райондук прокуратурага, ички иштер бөлүмүнө, райондук сотко, райвоенкоматка берилүүчү маалыматтар акысыз берилсин.
4. Кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражаттары айыл өкмөтүнүн атайын эсебине топтолуп, айыл өкмөтүнүн канцелярдык чыгымдарына пайдаланылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | М.Букамбаев |