Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-марты № 13/7
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо,Чекилдек
айылдарына элге кызмат көрсөтүү үчүн ФАП жана
спорт маданий борборун куруу үчүн жер участогун
бөлүп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айылына айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо, Чекилдек айылдарында Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдар үчүн «Жол картасын» талкуулаган учурда элдик жыйында Кара-Тоо айылына Мектеп, Клуб спорт зал Чекилдек айылына ФАП куруу боюнча элдин талабын эске алуу менен «Турак жай жана курулуш жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык Семиз-Бел аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын эски клубунун күн батыш тарабынан спорт маданий борборун куруу үчүн узуну 60м туурасы 25м баардыгы 1500кв.м жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Чекилдек айылына ФАП куруу үчүн Чекилдек айылынын клубунун күн чыгыш тарабынан узуну 25м туурасы 20м баардык курулуш куруу үчүн 500кв.м жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Курулуш куруу үчүн бөлүнүп берилген жер аянтын 30(отуз) күндүк мөөнөттө райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, мам каттоо инспекциясына каттатуу. жер аянтын 1(бир) айлык мөөнөттө архитектуралык пландаштыруу тапшырмасына ылайык тосуу баардык курулуштарды жер участкасынын курулуш долбоорун негизинде салуу жер аянтын башка жерлер менен чектеш башынан суу өткөрүү жана кошумча курулуштар аяктаганда атайын комиссиянын кабыл алуусуна коюу курулуш куруучуга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | М.Букамбаев |