Редакцияот 29.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V чакырылышынын кезексиз XIV-сессиясы

2014-жылдын 29-апрели № 14/3

2014-жылга Семиз-Бел айыл  аймагындагы  жайыттардын, айыл  аймагынан  тышкары  келген  жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр  пайдалануучулардын

жайыт  акысын  бекитүү  жѳнүндѳ

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 8-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамдын 4-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын  Ѳкмѳтүнүн «Жайытресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга  пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ» 2013-жыл 13-сентябрдагы № 515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрайымы А.Алжанбаеванын маалыматын  угуп жана талкуулап Семиз-Бел айыл Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. 2014 жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого  алып  чыккан  малдаркм         кккккдын  акылары  тѳмѳндѳгүдѳй  ѳлчѳмдѳ  бекитилсин.

   1. Кой-эчки  туягына -12 сом

   2. Жылкы  туягына – 60 сом

   3. Уй  туягына – 60 сом

   4. Эшек  туягына – 60 сом

2. 2014-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан   жайлоого чыккан малдардын  акылары  тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.

   1. Кой-эчки туягына-24 сом

   2. Жылкы  туягына – 120 сом

   3. Уй  туягына – 120 сом

   4. Эшек   туягына – 120 сом

3. 2014-жылгаСемиз-Бел айылаймагынынжайыттарынкыйырпайдалануучуларынанжайытакылары (туризм багытында) ар бир  боз үйгѳ 2500 сом,соода-сатык, вагондордон  түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 сом ѳлчѳмүндѳ  бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы жана жайыт комитетинин тѳрайымы А.Алжанбаевага милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин тѳрагасы:

М.Букамбаев