Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-марты № 13/5
Кара-Тоо айылындагы Гараж көчөсүн өзгөртүп
Чимиров Рашидтин ысымын ыйгаруу
жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согуштун катышып бир нече орден, медалдар менен сыйланган жана чарбада иштеп эмгеги сиңген,1915-жылы төрөлгөн Чимиров Рашидтин ысымын Гараж көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө Кара-Тоо айылынын Гараж көчөсүнүн тургундарынын 25-декабрь 2013-жылдыгы өткөрүлгөн элдин чогулушунун протоколу жана Семиз-Бел айыл өкмөтүнун башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын Гараж көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун токтому бекитилсин жана Гараж көчөсү «Чимиров Рашид» атындагы көчөсү деп аталсын.
2. «Чимиров Рашид» көчөсүнүн көчө комитетинин курамы бекитилсин жана көчөнүн атын жазып, катар номер коюу иштерин уюштуруу көчө комитетине милдеттендирилсин.
3. Көчөдөгү көрктөндүрүү жашылдандыруу жана тазалык иштерин уюштурууну колго алуу айыл башчысынын милдетин аткаруу Т.Акимбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | М.Букамбаев |