Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 15/4
Семиз-Бел айылындагы жаңы көчөгө Абдылдаев
Чынаалынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согушта катышып бир нече орден, медалдар менен сыйланган 1925-жылы 16-январда Кочкор районунун «Үч-Булак» айылында туулган Абдылдаев Чынаалынын ысымын жаңы көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү Семиз-Бел айылынын жаңы көчөсүнүн тургундарынын 10-май 2014-жылдагы өткөрүлгөн элдик чогулушунун протоколу менен таанышып жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылындагы жаңы конуштун тургундарынын чогулушунун токтому бекитилсин жана « Абдылдаев Чынаалы» атындагы көчөсү деп аталсын.
2. «Абдылдаев Чынаалы» көчөнүн көчө комитетинин курамы бекитилсин жана көчөнүн атын жазып, катар номерин коюу иштерин уюштуруу көчө комитетине милдеттендирилсин.
3. Көчөдөгү көрктөндүрүү жашылдандыруу жана тазалык иштерин уюштурууну колго алуу Семиз-Бел айыл башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Айылдык кенештин тѳрагасы: | М.Букамбаев |