Редакцияот 08.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Нарын шаардык кеңешинин  XXVI чакырылыштагы  кезектеги XV  сессиясы

2014-жылдын 8-июлу № 8

Нарын шаарындагы троллейбус  ДЭПОсунун 1986-жылы өндүрүштөн чыккан троллейбусун балансадан чыгарууга макулдук берүү жөнүндө

Нарын троллейбус ДЭПОсу шаардык Кеңешке  мекеменин балансасында турган 1984-жылы өндүрүштөн чыккан  ЗИУ-9Б  инвентарь №009 үлгүсүндөгү троллейбусту  көп жылдан бери пайдаланууда жүрүп,  өндүрүшкө пайдаланууга мүмкүн болбой, ремонт жасоого көп акча каражатын талап кылгандыктан, сессияда карап, чыгыштап  берүү боюнча 2014-жыддын 12-майында № 2\05 чыгыш каты менен кайрылган.Аталган троллейбусту чыгыштоо боюнча троллейбус ДЭПОсунун эмгек жамаатынан турган комиссия түзүлүп, комиссия троллейбустун техникалык абалын  боюнча  акт түзгөн. Комиссиянын түзгөн актысынын жана туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Нарын троллейбус ДЭПОсунун балансасында турган 1986-жылы өндүрүштөн чыккан ЗИУ-9 Б № 009 троллейбусу комиссиялардын түзгөн актысынын жана троллейбус ДЭПОсунун сунуш каттарынын негизинде   балансадан чыгышталсын.

2. 1984-жылы өндүрүштөн чыккан ЗИУ-9 Б  инвентарь № 009 троллейбусунун жарактуу тетиктери өндүрүшкө пайдаланылсын, ал эми жараксыз тетиктери металлом катары сатылып,  акча каражаты мекеменин кассасына кириштелсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын биринчи вице мэрии А.Сурановго  тапшырылсын.

 

Тѳрага:

Э.Турсуналиев