Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-июну № 46/13-6
“Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын
резервдик фонду жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык “ Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фонду жөнүндө” Жобо боюнча шаардын вице мэри Г.Ө. Сатарованын билдирүүсүн жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын кошумча билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фонду жөнүндө” Жобо № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)
2. Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органдары (шаардык мэрия, шаардык кеңеш) резервдик фонддон каражат бөлүүдө “Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фонду жөнүндө” Жобону жетекчиликке алышсын жана белгиленген чектерден чыкпасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Тѳрага: | Женбеков М.К. |