Документке
Мурунку24.07.2014

Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин

XXVI чакырылышынын 24.07.2014-жылдагы

№26-24/5 токтому менен

«БЕКИЛДИ»

«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам  жөнүндөгү

Жобо

I  Жалпы жоболор

1.«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам,  атуулдардын шаардын коомчулугу алдындагы көрүнүктүү кызматын белгилөө, алардын шаардын пайдасына, анын өнүп, гүлдөшүнө жетишүүгө жумшалган  өздүк ишмердүүлүктөрүн  колдоо максатында  дайындалат;

2.«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген  наам, коомдук иштерге жигердүү катышкан жана катышып жаткан, шаардын маданий,  социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө,  калктын  жашоо шарттарын жакшыртууга,  укуктук жана эмгектик тартипти, шаардыктардын достугун жана биримдигин бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон, урматка ээ болгон жана башкаларга, өзгөчө жаштарга, өсүп келе жаткан муундарга  үлгү болгон, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын баардык талаптарын  ак ниеттүү аткарган атуулдарга ыйгарылат;

3.«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам,  Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын атуулдарына жана  чет өлкөнүн атуулдарына  жекече берилет жана кайрадан алынбайт; 

4.«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу»  наамы, соттуулугу алынып салына элек же жоюла элек атуулга ыйгарууга  мүмкүн эмес;

5.«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу»  наамына ээ болгон адамга, «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген жазуусу бар төш белги, тасма жана «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген күбөлүк тапшырылат (алардын сүрөттөмөсү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен бекитилет)  ошондой эле 10 минималдык айлык акы өлчөмүндөгү сыйлык берилет.

II. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» 

наамын ыйгаруунун негиздери

1.«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды, Каракол шаарынын аймагында  15 жылдан кем эмес жашаган, шаардыктардын жана мамлекеттин алдында өзгөчө кызматты өтөгөн жергиликтүү жамаатын өкүлү ала алат;

2.«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды ыйгарууга төмөнкүлөр негиз боло алат:

·                    көп жылдык натыйжалуу кайрымдуулук жана меценаттык ишмердүүлүк;

·                    Каракол шаарынын тургундары үчүн эрдикти  көрсөткөндүк;

·                    Каракол шаарынын тургундарынын көпчүлүгүнүн алкоосуна ээ болгон,  мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, чарбалык, коомдук жана  башка ишмердүүлүк жааттарындагы,  Кыргыз Республикасы жана Каракол шаары үчүн көрүнүктүү натыйжаларга  жетишүү;

·                    шаардын структуралык системасында (уюмдарда жана мекемелерде) 15 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгектин натыйжасында, шаардын тургундарынын арасында туруктуу жана кеңири таанымал болгондук.

·                    өзүнө жүктөлгөн милдеттерине жана калк тарабынан берилген тапшырмаларга үлгүлүү мамиле кылуу; 

·                    өсүп келе жаткан муундарды окутуу жана тарбиялоодо өзгөчө  жетишкендиктер;

·                    калктын саламаттыгын сактоодо  өзгөчө жыйынтыктарга жетишкендик;

·                    коомдук тартипти бекемдөөдө өзгөчө салым кошкондук;

·                    элдик чыгармачылыкты өркүндөтүүгө, коомдоштуктун  маданий  жана коомдук турмушуна   өзгөчө салым кошкондук;

·                    шаардын экономикасына өзгөчө салым кошкон;

·                    жогоруда  аталган көрсөткүчтөр менен катар, атуул коомдук-пайдалуу иштерге активдүү катышканы, үй-бүлөлүк турмушта, үйдү, короо жайды күткөндө үлгү болгону жана башка коомчулукка өтө керектүү кызматтарды көрсөткөндүгү эске алынат.

3.Каракол шаардык депутаттар Кеңешине үч жолудан кем эмес шайлангандарга, «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамы,  кезексиз жана талкуусуз ыйгарылат.

4.Каракол шаарына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн, «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам Каракол шаарынын тургуну болбогон  Кыргыз Республикасынын атуулдарына жана чет мамлекеттердин атуулдарына, ушул  бөлүктүн экинчи пунктунда каралбаган, бирок ушул адамга бул наамдын берилиши чоң коомдук-саясий мааниге ээ болгондо ыйгарылышы мүмкүн.

III «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын

ыйгаруунун  эрежелери

1. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү сунушту, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары, Каракол шаарынын мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык  органдары жана кайрылуу иретинде уюмдар, коомдук бирикмелелер жана атуулдар бере алышат.

2. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, Каракол шаарынын мэриясы «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушту Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомунун долбоору түрүндө  киргизүүгө акылуу.

3. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу»  наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштар Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жеке түрүндө киргизилет жана ар бир талапкер боюнча өзүнчө каралат.

4. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  жөнүндөгү  өз талапкерлигин  көрсөткөн адамдардын сунуштары каралбайт.  

5. Адам өлгөндөн кийин, ага «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  сунуштары  каралбайт.

6. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу (ыйгарбоо) жөнүндөгү чечим Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында, депутаттардын  жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, жашыруун добуш берүү менен  кабыл алынат жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен таризделет. 

7. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында жылына бир жолу эки атуулга ыйгарылат.

8. Адаттан тышкаркы учурларда, өзгөчө мааниге ээ даталарга карата,  «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган адамдардын саны  Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын чечими менен көбөйтүлүшү мүмкүн. Андан кийин, туруктуу комиссия саны аныкталган талапкерлерге «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча маселени карайт жана ушул Жобого ылайык, маселени кезектеги сессиянын кароосуна киргизет.

9. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү  маселе жана ал боюнча чечим, көрсөтүлгөн талапкерлердин катышууларысыз каралышы мүмкүн.

10. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкердин маселеси, чакырылышта бир гана жолу каралат.

11. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүү жылдын 1 январынан 1 сентябрына чейин кабыл алынат.

12. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жумушчу органы жана ал өз ишмердүүлүгүн  ушул Жобого жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин  башка укуктук-ченемдик актыларына ылайык    алып барат.

13. Туруктуу комиссия:

·                    «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды, буга байланыштуу түшкөн материалдарды карайт, керек болсо, кошумча документтерди шаардын мэриясынан  «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга  талапкер  жөнүндө маалыматтарды суратат.

·                    «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын  ыйгарууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары, уюмдар, коомдук бирикмелер жана атуулдар  тарабынан көрсөтүлгөн  талапкерлерди сессияда кароо жөнүндө же талапкердин  маселесин кароодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

·                    Керек учурда, «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу маселеси карала турган туруктуу комиссиянын отурумуна талапкерди чакырат.

IV.Регалияларын тапшыруу жана  Каракол шаарынын Ардактуу атуулдарын урматтоонун  тартиби

1. Каракол шаарынын ардактуу атуулуна тасманы, төш белгини жана күбөлүктү тапшыруу жөнүндөгү биргелешкен токтомго, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы жана Каракол шаарынын мэри  кол коюшат.

2. Каракол шаарынын ардактуу атуулунун тасмасы, төш белгиси жана күбөлүгү ыйгарылган адамга, салтанаттуу кырдаалда, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы жана Каракол шаарынын мэри тарабынан, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын, Каракол шаарынын вице-мэрлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн көзүнчө тапшырылат.

3. Каракол шаарынын ардактуу атуулдарынын аты-жөнү «Каракол шаарынын ардактуу атуулдары» китебине хронологиялык тартипте жазылат.

4. Каракол шаарынын ардактуу атуулдары эл алдында бул наамы менен колдоно алат.  «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  башка кошумча укуктарды жана жеңилдиктерди  бербейт.

5. Каракол шаарынын ардактуу атуулдары, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жана Каракол шаарынын мэри тарабынан,   мамлекеттик майрамдарга арналган  иш чараларга, Каракол шаарынын майрамдарына,  белгилүү даталарына жана башка маанилүү окуяларга чакырылат.

Каракол шаардык депутаттар

Кеңешинин жооптуу катчысы:

Э.Майрыков

Жаңы25.02.2020

7. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында жылына бир жолу эки атуулга ыйгарылат же Кыргыз Репсубликасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата.

(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2020-жылдын 25-февралындагы № 27-33/3 токтомунун редакциясына ыллайык)

8. Адаттан тышкаркы учурларда, өзгөчө мааниге ээ даталарга карата,  «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган адамдардын саны  Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын чечими менен көбөйтүлүшү мүмкүн. Андан кийин, туруктуу комиссия саны аныкталган талапкерлерге «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча маселени карайт жана ушул Жобого ылайык, маселени кезектеги сессиянын кароосуна киргизет.

9. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү  маселе жана ал боюнча чечим, көрсөтүлгөн талапкерлердин катышууларысыз каралышы мүмкүн.

10. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкердин маселеси, чакырылышта бир гана жолу каралат.

11. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүү жылдын 1 январынан 1 декабрына чейин кабыл алынат.